Билеттердин баасы, Lufthansa, Милан жана форум: Манасбек Самидинов — КР авиациясынын пландары тууралуу

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын (Кыргызстандын аэропорттору) башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Reporter.kg басылмасына берген маегинде авиакеросиндин абалы жана анын билет баасына тийгизген таасири, ошондой эле Кыргызстан ЕБдин «кара тизмесинен» чыккандан кийин Европага жаңы каттамдарды ачуу келечеги тууралуу айтып берди.
— Авиакеросиндин кымбатташы билеттердин баасына таасир этпейби?
— Ал буга чейин эле таасирин тийгизди.
— Сиздер кандай көйгөйлөргө туш болдуңуздар, бул маселени кантип жөнгө салып жатасыздар жана бүгүнкү күндө авиакеросин жетиштүүбү? Анан кыргызстандыктарды кызыктырган негизги суроо: бул авиабилеттердин кымбатташына алып келеби?
— Белгилүү бир мезгилде Россия Федерациясынан мунай продуктуларын жеткирүү токтоп калганына баарыбыз күбө болдук. Бул Кыргызстанга эле эмес, коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга да тиешелүү болду. Башкача айтканда, биздин аймакка катуу таасир этип, реактивдүү отундун баасын кыйла көтөрдү.
Биз дагы, башкалар дагы жеткирүүнүн альтернативалуу жолдорун издей баштадык. Биз авиакеросинди Кытайдан, Түркиядан импорттодук, башка жеткирүүчүлөрдү изилдедик.
Бул эки-үч ай ичинде жеткирүүлөр үчүнчү өлкөлөр аркылуу ишке ашты. Демек, баасы да башкача болду, анткени логистика кымбат жана продукт өзү да кымбат эле. Мунун баары, албетте, бардык ташуучулар үчүн билеттин баасына таасир этет.
Бул биздин аймакка гана тиешелүү эмес. Тарыхый жактан мунай продуктуларын дайыма Россиядан импорттоп келгенбиз. Биз эле эмес, Өзбекстан менен Казакстан дагы. Жада калса өз ресурстары бар бул өлкөлөр да муктаждыктарын толук жаба албай, отунду Орусиядан алышат, ал эми биз авиакеросинди 100% Орусиядан алып келчүбүз.
— Бул билеттердин баасына канчалык таасир этти? Бүгүнкү күндө баалар канчага өстү?
— Жалпысынан керосин кеминде эки эсе кымбаттады, бирок биз бааларды кармап турдук, бардык ташуучулар менен сүйлөштүк. Айрым авиакомпаниялар, өзгөчө ички каттамдарда, пайда көрбөй («нөлгө») иштеп жатышты. Ал эми эл аралык ташуучуларга биз баары бир таасир эте албайбыз: бул чет элдик компаниялар, алардын өз экономикасы бар, биз ага кийлигише албайбыз.
Албетте, билеттер эки эсе кымбаттаган жок — биз бааларды болушунча кармап турдук. Мамлекет тарабынан субсидияланган багыттар — Баткен, Талас, Казарман, Кербен, Нарын — боюнча бааны мурдагыдай эле туруктуу калтырдык, ал тургай авиакомпаниялар зыянга учурап жатса да. Бул багыттарда эски бааларды сактап калуу чечими кабыл алынган.
Авиакомпания киреше тапкан багыттарда да баалар мүмкүн болушунча кармалып турду. Бирок азыр абал жакшырып баратат, рынокто отундун баасы төмөндөөдө. Демек, эми биз бааны жөнгө салып, төмөндөтүшүбүз керек.
— «Кара тизмеден» чыкканыбызга баарыбыз кубандык. Эми кайсы багыттар ачылышы мүмкүн? Бул багытта иштер жүрүп жатабы? Биз кайда уча алабыз жана кимдер бизге учуп келе алат?
— Каттам ачуу — өзү татаал процесс, анткени биринчи кезекте ташуучунун өзү менен макулдашуу керек. Ал жаңы багытты ачуу үчүн бош учак табышы керек. Авиакомпаниялардын учактары жөн эле турбайт, алар кайсы бир жерде учуп жүрүшөт. Учак жерде турганда ал зыян гана алып келет, ошондуктан ал дайыма абада болушу шарт.
Биринчиден, ташуучу учак табышы керек, экинчиден, ал жактан бизге уча турган слотторду макулдашуусу зарыл, бул жерде коопсуздук аудитин өткөрүп, экономикасын эсептеп, андан кийин гана каттам ачылат.
Бул багытта учурда биз каттам ачууга кызыкдар болгон эки европалык ташуучу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алардын бири — «Люфтганза» (Lufthansa), ал эми экинчиси менен Бишкек — Милан чартердик каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
— Жакынкы пландарыңыз тууралуу айтып берсеңиз. Кандай жаңылыктар болот?
— Болжол менен 22-сентябрда Каракол аэропортунда Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхында биринчи жолу форум өтөт. Ал жакка бизнес-жет өндүрүүчүлөр келип, эки-үч бизнес-учакты алып келишет. Алар көрсөтүлөт жана сатылат. Балким, аларды сатып алуу боюнча контракттар түзүлөт.
Биз форумду дал ушул Караколдо өткөрүүнү демилгеледик, анткени бул аэропорт жана авиация үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн имидждик долбоор.
Өзүңүз түшүнөсүз, бизнес-жеттердин потенциалдуу кардарлары — колунда бар адамдар, балким алар Кыргызстанда такыр боло электир. Биз аларды биздин кооздукту көрүп, меймандостугубузду сезишсин деп чакырып жатабыз. Балким, мунун аркасында келечекте башка долбоорлор да ишке ашат.
— Мындай форумдар адатта кайда өтөт?
— Дубайда, Түркияда, Кытайда, ири өлкөлөрдө. Бул жолу биз демилгени өзүбүз көтөрүп, бардык чыгымдарды мойнубузга алдык. Биз аларга: «Бизде эл аралык аэропорт курулду — чакан, компакттуу, тоолуу аймакта, кооз жерде жайгашкан. Мына, биз сиздер үчүн аянтча түзүп беребиз», — дедик.
— Истребителдер менен шоу болобу?
— Жок, бирок келечекте эмне үчүн болбосун? Ири долбоорлорду ишке ашырганда мындай иш-чараларды истребителдер менен эмес, Airbus жана Boeing учактары менен уюштурса болот.
Эскерте кетсем: ушул жылдын март айында биз эки Airbus сатып алуу боюнча келишимге кол койгонбуз. Азыр учактын ичи (салону) боюнча техникалык тапшырмалар макулдашылып жатат: бизнес жана эконом-класстын кездемелерин, түсүн тандап жатабыз.
Башкача айтканда, учактын жасалгасы этникалык стилде болуп, анда сөзсүз түрдө биздин улуттук колорит чагылдырылат.
Reporter.kg маалымкаты: 14-майдан тарта «Манас» эл аралык аэропортунда масштабдуу реконструкциянын алкагында курулган аэровокзал комплексинин жаңы бөлүгү пайдаланууга берилди.
Анара Мамытова