Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тыйын эңмей: кыргызстандык Азим Эсенбек уулу күмүш байгеге ээ болду
04.09.2026 | 18:05

Чолпон-Ата шаарындагы «Көк-Бөрү» аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында тыйын эңмей боюнча кызыктуу мелдештер жыйынтыкталды. Ат үстүндөгү шамдагайлык жана чеберчилик боюнча дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн келген 11 спортчу ат салышты.
Кыргызстандын курама командасынын өкүлү Азим Эсенбек уулу жогорку чеберчиликти көрсөтүп, турнирдин күмүш медалын тагынды. Алтын байге казакстандык чабендес Канат Бактыбайга буюрса, байгелүү үчтүктү монголиялык Байболат Акылбек жыйынтыктады.
Мелдештин жыйынтыгы жана байге фонддору:
- 1-орун: Канат Бактыбай (Казакстан) — 150 000 сом;
- 2-орун: Азим Эсенбек уулу (Кыргызстан) — 100 000 сом;
- 3-орун: Байболат Акылбек (Монголия) — 80 000 сом.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: ВИК