Булан-Сөгөттүдөгү сел — куткаруучулар дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн сөөгүн табышты

08.06.2026 | 09:58
ӨКМдин издөө иштери

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) билдиришинче, Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө селден кийин дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн сөөгү табылды.

Такталгандай, 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү 8-июнда түнкү саат 03:00дөр чамасында сел шилендилеринин (ылай-топурактын) арасынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Мекеме каза болгон баланын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Эске салсак, Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын тургуну катуу сел жүрүп жаткан учурда дүрбөлөңгө түшүп, унаадан селге секирип кеткен. Калган жүргүнчүлөр жана айдоочу сыртка чыкпай, унаанын ичинде калып, аман калышкан.

Буга чейин ӨКМ селдин кесепетинен 18 жаштагы жигит да каза болгонун маалымдаган. Катуу жааган жамгырдын кесепетинен тоо боору кулап, ал эми сел жана баткак аралашкан масса жолду эки адамды жана эки унааны — “Mercedes Sprinter” менен “Ford Mondeo” автоунааларын басып калган.

Scroll to Top