Кыргызстанда салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Эмнелер өзгөрдү?

07.08.2026 | 15:42
Кыргызстанда салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Эмнелер өзгөрдү? — Новости Кыргызстана

Президент Садыр Жапаров «Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Мамлекеттик салык кызматы маалыматында, бул документ Салык кодексиндеги карама-каршылыктарды жоюуга жана ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Салык кодексине кандай өзгөртүүлөр киргизилди?

  • Креативдүү индустрия: Резиденттер үчүн 5 жылдык мөөнөткө бирдиктүү салыктын ставкасы 0 пайыз болуп белгиленди.
  • Тейлөө тармагы: 2027-жылдын 1-январынан тартып сауна жана мончолор үчүн бирдиктүү салык 5 пайыз, ал эми тамактануучу жайлар үчүн Бишкек жана Ош шаарларында 5 пайыз, башка аймактарда 3 пайыз болот.
  • Кыймылсыз мүлк: Жаңы курулган жайларды сатуу боюнча бирдиктүү салыктын ставкасы 4 пайыз деп бекитилди. Ошондой эле 2026-жыл үчүн эсептелген мүлк салыгы боюнча туумдар алынбайт.
  • Тоо-кен тармагы: Алтын жана күмүш казуучу ишканалардын кирешесине салыктын ставкасы жогорулатылды.
  • Салык карыздарын кечүү: Айыл чарба жаныбарларын экспорттоодо 2026-жылга чейин пайда болгон салык карызынын 97 пайызы, туумдар жана санкциялар (негизги карыздын 3 пайызы төлөнгөн шартта) кечилет. Көмүр казган ишканалар негизги карызын 2026-жылдын аягына чейин төлөсө, туумдары жана санкциялары эсептен чыгарылат.

Жаңы ченемдерге ылайык, Укук бузуулар жөнүндө кодекстен товар ташыган унааларды конфискациялоо тууралуу ченем алынып, анын ордуна дифференцияланган айыптар киргизилди.

Ошондой эле Бирдиктүү салык режимин колдонгондорго 2026-жылдын 1-октябрына чейин жалпы салык режимине өтүү укугу берилди.

Мындан тышкары үчүнчү өлкөлөрдөн жеке жактар сатып алган товарлар менен электрондук соода жүргүзүүнү башкаруу функциялары Салык кызматына өткөрүлдү.

Scroll to Top