АКШ Кыргызстандын Чек ара кызматына чек араны кайтаруу үчүн жабдууларды тапшырды

Жардамдын алкагында Мамлекеттик чек ара кызматы Чет өлкөлөрдөгү аскердик долбоорлорду каржылоо программасынын линиясы боюнча сатылып алынган эки MX-908 портативдүү химиялык детекторун, ошондой эле 19 комплект түнкү көрүү приборлорун жана тепловизордук жабдууларды алды.
АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, MX-908 – бул согуштук ууландыруучу заттарды, жарылуучу заттарды, баңгизаттарды, коркунучтуу материалдарды жана башка белгисиз кошулмаларды ыкчам табууга жана аныктоого арналган портативдүү масс-спектрометр. Жабдууларды колдонуу Чек ара кызматынын ыктымалдуу коркунучтарды аныктоо боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жол ачат.

«АКШ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматын коопсуздук жаатындагы жалпы милдеттерди чечүүдөгү негизги өнөктөштөрдүн бири катары карайт. Биз кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жана өз ишине берилгендигин жогору баалайбыз», — деп билдирди АКШнын элчиси Лесли Вигери.
Мындан тышкары, 11-августтан 13-августка чейин АКШнын Борбордук командачылыгынын инструкторлору MX-908 системасын иштетүү боюнча адистер менен биргеликте «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү жайында МЧК (Мамлекеттик чек ара кызматы) кызматкерлери үчүн окууларды өткөрүшөт. Программа жаңы жабдууну иштетүү, колдонуу жана техникалык тейлөө маселелерин камтыйт.

Дипломатиялык мекемеден баса белгилешкендей, жабдууларды тапшыруу жана атайын окууларды өткөрүү Вашингтондун Кыргызстандын мамлекеттик чек ара коопсуздугун бекемдөө жана коркунучтуу материалдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу аракеттерин колдоого берилгендигин тастыктайт.