«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болууда
Кыргызстанда санаторий-курортторду инвентаризациялоо башталды
17.06.2022 | 09:53
Кыргызстанда санаторий-курорттук мекемелерди инвентаризациялоо башталды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, процедура аяктагандан кийин эл аралык эксперттер тарабынан эс алуу жайларына баа берилет.
Эксперттер бул теманы туризм тармагында консалтинг менен алектенген орусиялык компания менен талкуулашты. Алар курорттук комплексти анализдеп, аны өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгууну сунушташты.
«Ошондой эле Кыргызстандын рыногунда иштөөгө кызыкдар болгон башка чет элдик компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ар бир курорт үчүн өзүнчө реабилитациялоо программасы иштелип чыгышы мүмкүн – алынган сунуштарга ылайык, алар калыбына келтирилет же кайра курулат “, – деп айтылат билдирүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом