«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болууда
Акылбек Жапаров форумга катышуу үчүн Петербургга учуп кетти
17.06.2022 | 09:46
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 17-июнда Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумдун ишине катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Министрлер Кабинетинин башчысы «Евразиялык экономикалык биримдик: интеграциянын жаңы сапаты» панелдик сессиясында сөз сүйлөйт.
Форум алкагында Акылбек Жапаров бир катар компаниялардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.
Маалымдама: Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форум туруктуу өнүгүүнү камсыздоо максатында глобалдык экономиканын негизги маселелерин талкуулоо жана алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаларды жана компетенцияларды алмашуу үчүн эл аралык аянтча болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом