Asman Airlines авиабилеттерди сатып алуу үчүн мобилдик тиркемесин ишке киргизди

22.10.2026 | 09:18
Asman Airlines авиабилеттерди сатып алуу үчүн мобилдик тиркемесин ишке киргизди — Новости Кыргызстана

Asman Airlines авиакомпаниясы каттамды тандап, бир нече мүнөттүн ичинде билет брондоого мүмкүндүк берген мобилдик тиркемесин ишке киргизди. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Тиркеме күнү-түнү иштейт. Анда каттамдардын актуалдуу жадыбалы, багытты тандоо жана тез төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

Компаниянын маалыматына ылайык, жаңы санариптик кызмат Кыргызстан боюнча аба каттамдарын ыңгайлуу жана тез пайдаланууга шарт түзөт.

Теги: Asman Airlines
Scroll to Top