Кыргызстанда үч айда 4 миң тоннадан ашык балык өндүрүлдү

2026-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанда жалпы 4029,1 тонна балык өндүрүлгөн. Ошондой эле учурда республикада 545 балык чарбасы иш алып барууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Өндүрүштүн көлөмү боюнча Чүй облусу биринчи орунда турат. Аймакта январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча жалпы 2206,7 тонна балык өстүрүлгөн. Ошондой эле Чүйдө өлкө боюнча эң көп балык чарбалары жайгашкан, алардын саны 398ге жетет.
Балык өндүрүшү боюнча Жалал-Абад облусу экинчи орунду ээлейт. Бул жерде 39 балык чарбасы бар. Биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча облуста 962,2 тонна балык өстүрүлгөн.
Мындан тышкары Кыргызстандын дагы төрт аймагында балык өстүрүлөт. Алардын ушул жылдын биринчи кварталындагы көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй:
- Ысык-Көл облусу — 311,4 тонна (48 чарба);
- Нарын облусу — 243,5 тонна (34 чарба);
- Талас облусу — 195,1 тонна (15 чарба);
- Ош облусу — 110,2 тонна (11 чарба).
Министрлик өлкөдөгү балык чарбачылыгынын инфраструктурасын жакшыртуу, жаңы технологияларды киргизүү, ички рынокту камсыздоо жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.