Депутат чет өлкөлүк номердеги унааларга коюлган тыюуну алып салууну сунуштады

28.05.2026 | 10:55

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Казакстанда жана Россияда катталган автоунаалардын Кыргызстанга киришине коюлган тыюуну алып салууну сунуштады.

Анын айтымында, азыркы чектөөлөрдөн улам жарандар чек арадан өтүү үчүн чет өлкөлүк жарандардын кызматын пайдаланууга аргасыз болууда.

«Жарандар чек арага чейин өзүнүн унаасы менен келет. Анан машинаны чет өлкөлүк жаранга берет, ал унаа менен Кыргызстанга кирет, ал эми ээси жөө өтүп кайра машинасына отурат. Бул үчүн 10 миң сом алышат», — деди депутат.

Ал мындай схема өлкөдөн чыгууда дагы колдонулуп жатканын белгиледи.

Бекешевдин айтымында, мамлекет өзү ушундай шарт түзүп берип, натыйжада башка өлкөнүн жарандары кыргызстандыктардан акча таап жатат.

Депутат чет өлкөлүк номердеги автоунааларга Кыргызстанга 6 айга чейин убактылуу кирүүгө уруксат берүүнү сунуштады. Ошондой эле чек арадан убактылуу номер же документ берүү механизмин киргизсе болорун айтты.

«Азыр автоунааларды легалдаштырууга байланыштуу толук тыюу салдык. Натыйжада башка жарандар болгону 100 метр айдап өткөнү үчүн эле 10 миң сом таап жатышат», — деди ал.

Scroll to Top