Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
«Кыргызстанда жасалган» товардык белгисин берүүнүн механизми бекитилди
28.05.2026 | 17:11

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн улуттук брендин илгерилетүү механизмин бекитти. Анда «Кыргызстанда жасалган» товардык белгисин берүүнүн тартиби каралган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү отурумдун жүрүшүндө төмөнкү документтер кабыл алынган:
- «Кыргызстанда жасалган» товардык белгисин пайдалануу укугун берүүгө арыздарды кароо боюнча жумушчу комиссия жөнүндө жобо;
- Товардык белгини колдонуу укугун берүү критерийлери жана тартиби;
- Өтүнмөлөрдү кароо жана белгини пайдаланууга укук берүү үчүн палатанын тарифтери.
Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев аталган палата «Кыргызстанда жасалган» белгисин колдонууга расмий укук берген жалгыз уюм экенин билдирген. Товардык белги патенттелген жана анда ак илбирстин сүрөтү камтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Соода-өнөр жай палатасы