Кытай Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгын жана республиканын өнүгүү темпин жогору баалады

Ысык-Көлдө ШКУ өлкөлөрүнүн аймак башчыларынын V форумунун алкагында КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков менен Кытай элдик саясий консультациялык кеңешинин (КЭСПК) Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэнин жолугушуусу өттү. Кытай тарап уюмдагы кыргыз төрагалыгынын жогорку натыйжалуулугун расмий белгилеп, Бишкекте өтө турган ШКУ лидерлеринин алдыдагы саммитинин өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Маектешүүнүн жүрүшүндө Шэнь Юэюэ Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан таасирдүү ар араптуу өнүгүүнү көрсөтүп жатканын билдирди. Өзгөчө көңүл саясий декларациялардан жогорку технологиялар, саламаттыкты сактоо жана парламенттер аралык байланыштар чөйрөсүндөгү практикалык кызматташууга өтүүгө бурулду. Кытай эл аралык аянтчаларда КРдин демилгелерин жигердүү колдоого даярдыгын ырастады.
Эки өлкөнүн шаарлары менен аймактарынын ортосундагы боордоштук мамилелерди өнүктүрүү стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөнүн пайдубалы деп аталды. Тараптар Кыргызстандын облустары менен Кытайдын провинцияларынын ортосундагы түз байланыштар жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана маданий-гуманитардык алмашууну кеңейтүүгө мүмкүндүк берерине ишеним билдиришти.