Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады«Мадина» базарынын айрым жерлеринде өрттү өчүрүү иштери улануудаБишкек мэри «Мадина» базарындагы өрттөн кийин соодагерлер менен жолукту«Мадина» базарындагы өрткө дрондордун жардамы менен мониторинг жүргүзүлүүдө
Кыргызстанда жер титиреди
19.06.2024 | 21:13
Кыргызстанда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө болду. Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ал саат 18.00 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай, Бузук айылдарында – 4,5 балл, Ала-Бука районунун Ала-Бука, Сары-Талаа айылдарында, Чаткал районунун Кызыл-Токой, Айгыр-Жал айылдарында, Аксы районунун Кашка-Суу айылында – 4 балл, Аксы районунун Кербен, Жерге-Тал, Достук айылдарында, Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылында жана Чаткал районунун Сумсар айылында – 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар