Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кыргызстанда жети айда 53 окуучу өз жанын кыйды
09.09.2022 | 10:28
Кыргызстанда ушул жылдын 7 айында окуучулар арасында өз жанын кыюу боюнча 53 факты катталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу төмөнүрөөк. Былтыр 57 факт катталган.
“Ата-эне, мугалимдер тарабынан балдардын өмүрлөрүнө көңүл бөлүнбөй, үй-бүлөдөгү мамилелердин начар болушу балдарга терс таасирин тийгизүүдө. Мындан улам балдар арасында өз өмүрүн кыюу фактылары орун алууда. Алсак, 2022-жылдын 7 айында 53 өспүрүмдүн өз жанын кыюусу катталган. Алардын 34ү эркек балдар 19у кыздар болгон. Бардыгы мектеп окуучулары ”, – деди министирдин орун басары.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом