Ошто 17 кг баңгизат ташып келген эл аралык баңги топ кармалды

Ошто 17 кг баңгизат ташып келген эл аралык баңги топ кармалды

Кечээ, 8-сентябрда Ош облусунда Афганистанда өндүрүлгөн баңгизатты ташып иштеген эл аралык топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой «Тажикстан — Кыргызстан» багыты боюнча баңгизат ташыган баңги топтун мүчөлөрү атайын операциянын жүрүшүндө колго түшүрүлгөн. Кармалгандар — коррупцияга каршы элдик курултайдын «Элдик палата» коомдук бирикмесинин мүчөсү О.Н.О. жана Ш.Т. А., Т.З.Ж. аттуу жарандар. Алардан 17 кг 192 грамм «чарс» баңгизаты алынган.

Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда бул баңги тобунун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>