Садыр Жапаров менен Владимир Путин: Кыргызстан жана Россия соода жүгүртүүнү жана инвестицияны көбөйттүБишкекте коомдук транспорт үчүн жаңы бөлүнгөн тилкелер кайсы көчөлөрдө пайда болотЗым, күрөк менен сабаган: Токмокто жаран аялы менен балдарына зомбулук көрсөтүүгө шектелип кармалдыБишкекте мамлекеттик телеканалдын кызматкерине кол салуу болду — видеоКыргызстанда 261 миң гектар аянтта дан эгиндери жыйналдыЖаратылыш министрлигинин экорейддери: текшерүүдөн кийин мончо жабылып, таштанды жаккандыгы үчүн айып пул салынды
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады
28.11.2021 | 20:19
Бүгүн, 28-ноябрда саат 20:00гө карата Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктап, бардык шайлоо тилкелери жабылды.
VII чакырылыштын депутаттарын шайлоо бүгүн саат 8.00дө башталган. Шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн жалпы 2 миң 494 шайлоо участогу түзүлүп, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө, 2 миң 435 тилкеси өлкө аймагында түзүлгөн.
Айта кетсек, жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет. Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат