Кыргызстандагы беш университетке өзгөчө макам берилет

Кыргызстандагы беш университетке өзгөчө макам берилет

Кыргызстандагы беш университетке өзгөчө макам берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушууда Алмазбек Бейшеналиев беш жыл ичинде Кыргызстандын университеттери Европа жана Борбор Азия университеттеринин ичинен алдыңкы орундарды ээлеши керектигин айтты. Бул үчүн беш жогорку окуу жайына өзгөчө статус берилет.

«Аларга өндүрүштүк жана экономикалык эркиндиктер берилет. Алар абитуриенттерди кабыл алуунун стандарттарын жана жол-жоболорун өз алдынча бекитүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, филиалдарды ачууну жөнөкөйлөштүрүү жана башкаруу системасын өз алдынча өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Билим берүү министрлигинин башчысы ЖОЖдор бир гана билим бербестен, илим жана изилдөө, ишкердик, өндүрүш менен алектенип, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруусу керектигин баса белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>