Өзбек чек арачыларынын колунан каза тапкан 2 кыргызстандыктын сөөгү кайтарылды

Өзбек чек арачыларынын колунан каза тапкан 2 кыргызстандыктын сөөгү кайтарылды

Өзбекстандын чек арачыларынан каза тапкан эки кыргызстандыктын сөөгү өткөрүлүп берилди. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн макулдашуусуна ылайык «жүк (груз) 200» кыргыз тарапка 5-апрель күнү саат 23.46да «Маданият-авто жол» өткөрүү жайы аркылуу өткөрүлүп берилди.

Каза тапкандар 38 жаштагы О.Б.Т.угли жана 31 жаштагы О.С.Т Аксы районунун Дейрес айылынын тургундары экени такталган.

Аксы районунун Дейрес айылында Кыргызстандын жарандары менен Өзбекстандын коопсуздук кызматынын чек арачыларынын ортосунда орун алган чыр-чатактын натыйжасында КР УКМКнын Чек ара кызматы аткезчилик жүктөрдү ташууга катышкан жарандары издөө боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, кечээ, 5-апрель күнү Аксы районунун Дейрес айылында Кыргызстандын бир нече жараны ат менен 20 миң долларлык аткезчилик жүктү алып өтүүгө аракет кылган.   Өзбек чек арачыларынын токтотуу талабына баш ийишкен эмес.  Мындан улам курал колдонгондуктан эки жаранга ок тийип мерт кеткен. Калганы Кыргызстандын аймагына качып кетүүгө үлгүрүшкөн

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чатактан эки киши каза болду

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>