Иран Бахрейндеги америкалык базаларга чабуул жасады: ушул саатка карата эмнелер белгилүүБанктар сом менен чет элдик валютага караганда 700% көп насыя беришти Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо аяктадыБишкекте айдоо укугунан ажыратылган BMW айдоочусу кубалашып, МККБнын унаасын сүздүБишкекте тазалоочу курулмалар модернизацияланып, биогумус алуу пландалуудаКыргыз режиссеру Артыкпай Сүйүндүков АКШда «Ак илбирс» сыйлыгына татыды
Кыргызстанда кышкы туристтик сезон 17–декабрда ачылат
14.12.2022 | 09:00
17–декабрда Кыргызстандагы кышкы туристтик мезгилдин расмий ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чара “ЗиЛ” тоо лыжа базасында өткөрүлөт.
“Бул иш чаранын алкагында интерактивдүү элементтерди камтыган лыжа тебүүнү сүйүүчүлөрдүн оюн-зооктору, эс алуучулар арасында түрдүү сынактар, өнөрпоздордун катышуусундагы концерттик программа жана башка көптөгөн кызыктуу оюндар жана конкурстар уюштурулуп, түрдүү байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү”, – деп айтылат маалыматта.
Министрлик кыргызстандыктарды кышкы туристтик сезондун ачылышына катышууга чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз