Жапаровдун БАЭге болгон иш сапарында 9 документке кол коюлду

Жапаровдун БАЭге болгон иш сапарында 9 документке кол коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын жыйынтыгында 9 эл аралык документке, анын ичинде биргелешкен холдинг түзүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи жана Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммед Саиф Аль-Сувайди жолугушуусунда белгилүү болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы кыргыз-эмират мамилелери жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгиледи.

“Учурда биздин мамлекеттик органдар биргелешкен холдинг түзүү боюнча документти ратификациялоону тездетүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Келишим жакында күчүнө кирип, компания өз ишин баштайт. Бул эки өлкөнүн инвестициялык кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгараары шексиз”, — дейт Акылбек Жапаров.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Жапаров айыл жерлерин таза суу менен камсыз кылуу, өлкөдө арзан турак жайларды куруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорлоруна көңүл бурду.

“Өз кезегинде БАЭ тарап стратегиялык долбоорлорду каржылоодо өнөктөш болууга жана экономиканын маанилүү секторлоруна багытталган долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди”, — деп белгиледи Министрлер кабинети.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>