Кыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөтКыргызстанда 1 млрд долларлык фармацевтикалык индустриалдык парк курулатЧүй облусунда 100 орундуу оорукана жана жаңы мектеп курулат«Шылтоолор гана». Садырбаева картошканы сатуу маселесине байланыштуу Айыл чарба министрлигин сынга алдыТакси айдоочулары менен курьерлерден 7 айда 462 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмү түштү
Кыргызстандык бийчилер эл аралык турнирде алтын медаль утушту
18.08.2024 | 13:20
13-15-август күндөрү Германиянын Штутгарт шаарында бал бийи боюнча жыл сайын өтүүчү WDSF 2024 эл аралык турнири болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Бий спорту федерациясынын президенти Сергей Титунин билдирди.
Мелдешке Кытай, Франция, Италия, Латвия, Польша, Португалия, Болгария сыяктуу 30дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Турнир Дүйнөлүк бий спорту федерациясынын (WDSF) колдоосу астында өттү.
Турнирде Кыргызстандын бий спорт федерациясынын спортчулары мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.
“Жаштар, латина” категориясында (WDSF Open Latin Youth 2024) кыргызстандык бийчи түгөйлөр Владимир Вырлеев менен Мария Прошлецова 30 өлкөдөн келген 138 түгөйдү утуп, алтын медалга ээ болушту.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар