Кыргызстандан эки дзюдочу Хорватиядагы Гран-при сериясындагы турнирге катышат. Спорттун аталган түрү боюнча федерациядан билдиришкендей, мелдеш 26-28-июлда, Загреб шаарында өтөт.
Турнир алдына Кыргыз спортчулары Голландиянын спортчулары менен машыгууларды өткөрүшкөн.
Улуттук курама команданын тизмеси:
Юрий Краковецкий —100 килограммдан өйдө;
Болот Токтогонов — 100 килограммдан өйдө.
Спортчуларды команданы машыктыруучу Сергей Мистрюков коштоп барат.
Команданы мелдешке жөнөтүү спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция тарабынан каржыланган.