КРдин Инвестициялар боюнча агенттиги «ВЭБ.РФ» менен кызматташат

Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Орусиянын «ВЭБ.РФ» мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясынын ортосунда кызматташуу жана маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Документке агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов кол койгон.
Агенттиктин маалыматында, бул иш-чара Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПЭЭФ-2026) алкагында өткөн.
Форумдун жүрүшүндө Мээримбек Койчуманов Удмурт Республикасынын бизнес-делегациясы менен жолугушуп, соода-экономикалык байланыштарды жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулаган. Тараптар ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришкен.
Агенттик форумга катышуу өлкөнүн инвестициялык потенциалын таанытууда жана эл аралык өнөктөштөр менен байланыштарды чыңдоодо маанилүү кадам болгонун билдирди.