Дастан Бекешев: Орунтаев менен мэр Бишкекти маскаралап бүтүштүЯндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алдыИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктадыКыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКараколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралууЭрлист Акунбеков Пекиндеги форумда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн төрт багытын сунуштады
Эми адал-индустрия чөйрөсүндөгү эреже бузуулар үчүн айып пулдар салынат
11.06.2026 | 15:47

15-июндан тарта Кыргызстанда адал-индустрия чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузгандарды административдик жоопкерчиликке тартуу тартиби күчүнө кирет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Укук бузуулар жөнүндө кодекстин жаңы 385¹-беренесине ылайык, төмөнкүдөй бузуулар үчүн айып пулдар каралган:
- адал-продукцияларды өндүрүүдө, сактоодо жана ташууда талаптарды сактабоо;
- тастыктоочу документтери жок адал-товарларды жана кызматтарды сунуштоо;
- адал сертификаттарын жасалмалоо же маркировканы бурмалоо.
Айып пулдардын өлчөмү:
- жеке жактар үчүн айып пул – 7 500 сом;
- юридикалык жактар үчүн айып пул – 23 000 сом;
- шайкештикти тастыктоо жол-жоболорун бузган юридикалык жактар үчүн – 65 000 сомго чейин.
Мыйзамга ылайык, адал-продукциялар улуттук бирдиктүү «Адал» белгиси менен маркировкаланышы керек. Мониторинг жана коомдук көзөмөл QR-коддор аркылуу мамлекеттик портал жана мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлөт.
Министрлик бул чаралар керектөөчүлөрдү адаштырууга жол бербөө жана тармактагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу максатында кабыл алынганын билдирди.