Садыр Жапаров Кыргызстан БУУда кандай демилгелерди сунуштаарын айтты

05.06.2026 | 09:57
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары кандай сунуштарды жана демилгелерди көтөрүп чыгары тууралуу «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Президенттин айтымында, Кыргызстан Коопсуздук Кеңешке БУУнун Уставын, комитеттердин жоболорун түп-тамырынан өзгөртүү, уюмдун кадыр-баркын жогорку деңгээлге чыгаруу сунушу менен барат.

Өлкө башчы февраль айында өлкө Коопсуздук Кеңешке өтөрүнө көзү жеткенде эле тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталипке тапшырма бергенин, учурда дипломатиялык корпус анын үстүндө иштеп жатышканын билдирди.

"Кудай буюрса, сентябрь айында БУУга барганда абдан катуу, татаал сунуштарды беребиз. БУУнун авторитетин жогорку деңгээлге чыгарышыбыз керек. БУУнун чечимдери дегенде, мейли кайсы мамлекет болбосун, так аткаргандай болушу керек. Болбосо БУУда алты комитет болсо, бешөөнүн чечимдерин эч ким деле тоготпой калды. Көбүнчө Коопсуздук кеңешинин чечимдери гана аткарылып келе жатат.

Ошондуктан биз БУУнун Уставына кошумчаларды киргизүү боюнча сунуш беребиз. БУУнун кандай гана чечимдери болбосун, 100 пайыз аткарылууга тийиш. Ар бир мамлекет өзүм билемдик менен башаламандык кыла беришти токтотуш керек",- деди ал.

Өлкө башчы ошондой эле БУУда эл аралык санкцияларды киргизүү тартибин жөнгө салуу демилгеси берилерин айтты. Ал санкциялар бир тараптуу эмес, БУУнун деңгээлинде каралышы керектигин белгиледи.

«Кайсы бир мамлекетке санкция киргизе турган болсо БУУда каралып, БУУнун чечими менен санкция киргизиш керек. Өзүм билемдик менен эле каалаган мамлекет башка бир мамлекетке санкция киргизе берген башаламан жашоо токтошу зарыл», — деп билдирди президент.
Scroll to Top