Кыргызстандык тасма Кореядагы кинофестивалда көрсөтүлөт

Кыргызстандык тасма Кореядагы кинофестивалда көрсөтүлөт

Кыргызстандык «Меланхолиянын боектору» кыска метраждуу тасмасы Пусандагы эл аралык кинофестивалга катышат. Бул тууралуу тасманын режиссеру Караш Жанышов билдирди.

Фестиваль 5-14-октябрда Кореянын Пусан шаарында болуп өтөт. Тасма Азиянын кыска метраждуу тасмалары сынагында көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат.

Тасманын сценарийин режиссер Темир Бирназаров жазган. Тасмада операторлук кызматты Бекзат Туратбек уулу аткарган. Башкы ролдордун биринде режиссер Караш Жанышов өзү ойногон.

Белгилей кетсек, Пусандагы кинофестиваль Азиядагы эң ири кинофестивалдардын бири болуп саналат. Ал жылда Кореянын Пусан шаарында 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет. Кинофестивалда жаңы тартылган тасмалар жана жаш режиссерлордун эмгектери көрсөтүлөт.

Тасма тууралуу: Байзак жумуш таап, иштеш үчүн айылдан шаарга көчүп келет. Ал шаарда ашык болгон айылдашы Мээрим менен көрүшүп турат. Мээрим сойкулук менен алектенгендиктен, алардын жолугушуусу жылуу-жумшак өтпөйт. Бир күнү Мээрим жоголуп кетет. Байзак сүйгөн адамын издөөгө киришип, анын табылышынан үмүтүн үзбөйт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>