Түштүк Кореяга Кыргызстандан бир айда канча эмгек мигрант кетти?

Түштүк Кореяга Кыргызстандан бир айда канча эмгек мигрант кетти?

Ушул жылдын август айында кыргызстандыктар Корея Республикасына 400дөн ашык эмгек келишимин түзсө, ушул жылдын аягына чейин 800гө жакын Кыргызстандын жаранын жумушка орноштуруу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова Чханвон шаарында өткөн жумушка уруксат берүү системасы (EPS) боюнча конференцияда билдирди.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч жарандардын акыркы алты жылдагы иш менен камсыз болушуна барабар.

Белгилегендей, Кореяда иштеп жаткан жарандар жумушка орношуп гана тим болбостон, керектүү көндүмдөргө жана билимдерге ээ болушат.

“EPS системасы жумушчу күчү жетишсиздигинен жапа чеккен чакан жана орто ишканаларга иштөөгө уруксат алууга мүмкүндүк берет. Кыргызстан 2007-жылдан бери EPS системасына мүчө. Расмий квота боюнча чыгуу кепилденген ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле эмгек мигранттарынын укуктарын коргоону камсыздайт. Мен сиздерди эмгек келишимдери боюнча Кыргызстанга бөлүнгөн квоталарды толук пайдаланууга чакырам«, — деди элчи.

Эске салсак, ушул жылдын жаз айларында Түштүк Корея Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу боюнча квотаны 5 миң адамга көбөйткөн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>