МСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат2023–2026-жылдардагы турак жайды менчиктештирүүгө жаңы коэффициент киргизилет
УКМК: Паспорт жана күбөлүктөрдү саткан топ кармалды
13.09.2025 | 10:18

УКМКнын маалыматына караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында Сузак районунун тургундары «Б.У.Э.», «Г.И.А.» жана «Р.М.М.» кармалган.
Алар мамлекеттик маанидеги документтерди — паспортторду, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү, айдоочулук күбөлүктөрдү, орто жана жогорку билими тууралуу күбөлүктөрдү даярдап, акчага сатуу менен алектенип жүргөнү аныкталды.
Тинтүү учурунда:
- коргоо белгилери бар жасалма паспорттор,
- айдоочулук күбөлүктөр,
- ар кандай багыттагы күбөлүктөр,
- нотариалдык ишеним каттардын бош нускалары,
- туулгандыгы жана нике тууралуу күбөлүктөр,
- атайын техникалык жабдуулар табылып, алынган.
Ошондой эле, айрым документтер чет өлкөдө жасалып, Кыргызстанда сатылып келгени белгилүү болду.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды. Тергөөнүн жүрүшү уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом