7-апрель, Кыргызстанда эс алуу күнү болот. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
7-апрель — Элдик Апрель революциясынын күнүнө карата дем алыш жарыяланган. Бул аптанын шаршемби күнүнө туура келет.
Жылда бул күнү элдик революцияга карата иш-чаралар уюштурулчу. Быйыл пандемияга карата иш-чаралар уюштурулабы жокпу азырынча белгисиз.