Сокулук райондук соту Рыскелди Момбековго айып салды

Сокулук райондук соту Рыскелди Момбековго айып салды

Сокулук райондук соту мени чакырбай туруп айып салды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңеште депутат Рыскелди Момбеков Судияларды тандоо кеңешинин курамын бекитүү боюнча отурумунда айтты.

“Сиздер тандаган соттордун бирөөсү 114 миллион сом каражатты жедим деп  төктү. Жогорку соттун төрайымына кылмыш иши козголуп жатат. Анан эл силерге кантип ишенет. Силердин коом алдында жоопкерчилигиңер болуш керек. Ошол сотторду тандаганда силер тандагансыңар. Биз капка шибеге салып тандагандай, силер да ошондой тандап жатасыңар. Кадырына карап тандайсыңарбы же капчыгына карап тандап жатасыңарбы билбейм, бирок бүгүнкү сот системасынын чирип жок болгонуна силер да жоопкерчиликтүүсүңөр”, — деди эл өкүлү.

Ал ошондой эле жыйынга келген Жогорку соттун өкүлү Шералы Камчыбековго суроо узатты: “Мен соттук иште жоопкер болдум. Менин сөзүмдү угуп туруп, анан соттош керекпи?”, — деп Момбеков суроо узатты.

Ага Жогорку соттун өкүлү жоопкер тарап жок сот отурумдары өтпөй турганын билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында райондук сот аны чакырбай туруп айып салган.

“Сокулук райондук соту мени чакырбай туруп айып салды. Ушул соттордун баарын силер тандап жатасыңар. Депутат чындыкка жетпей соттолуп жатат, болбосо Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү үчүн депутат соттолбойт. Колумда ачылбай турган сыр деген документ бар болчу. Силер Атамбаевди сотко алып келе албай жатасыңар, мен барайын десем катыштырбай койду”, — деди Момбеков.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>