Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
ШКУ саммити, Көчмөндөр оюндары учурунда Кыргызстанда дрондорду учурууга чектөө киргизилди
27.08.2026 | 09:30

Бүгүн, 27-августтан, тарта Кыргызстанда дрондорду жана жалпы авиация кемелерин учурууга чектөө киргизилди. Бул чара Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу кабыл алынды.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, чектөөлөр төмөнкү аймактарда жана мөөнөттөрдө колдонулат:
- 27-августтан 10-сентябрга чейин Ысык-Көл жана Чүй облустарында жана Бишкек шаарында.
- 10-сентябрдан 15-сентябрга чейин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустарында.
Агенттиктин маалыматына ылайык, чектөөлөр учуулардын коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоо жана мамлекеттик, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү максатында киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом