Садыр Жапаров Монголиянын жана Казакстандын элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

26.08.2026 | 14:33
Садыр Жапаров Монголиянын жана Казакстандын элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 26-августта, Бишкек шаарында өлкө башчы Садыр Жапаров Монголиянын элчиси Тэгшжаргал Дэмчиг жана Казакстандын элчиси Абылкаир Скаковдун ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчы Монголиянын элчиси менен жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, транспорттук байланыштарды чыңдоо жана маданий-гуманитардык багыттагы байланыштарды талкуулаган.

Садыр Жапаров Монголиянын жана Казакстандын элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды — иллюстрация

Ал эми Казакстандын элчиси менен болгон сүйлөшүүдө тараптар соода-экономикалык кызматташтык, отун-энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүү, чек ара инфраструктурасын жакшыртуу жана маданий-гуманитардык байланыштар маселелерин карашкан. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы саясий диалог жана кызматташтыкты тереңдетүү белгиленген.

Президент Садыр Жапаров элчилерге ишмердигинде ийгиликтерди каалаган. Ал Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин ШКУ саммиттерине, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына Кыргызстанга келишин чоң кубаныч менен күтүп жатканын белгилеген.

Scroll to Top