КР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыКатуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырды
Майрам күндөрү Бишкектеги Калкты тейлөө борборлору иштебейт
25.08.2026 | 12:27

«Кызмат» мамлекеттик мекемеси Эгемендүүлүк күнүнө жана Бишкек шаарындагы кошумча эс алуу күнүнө байланыштуу Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) иш графигин жарыялады.
Ага ылайык, 31-августта өлкө аймагындагы бардык КТБлар иштебейт. 1-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы борборлор жабык болот. Төмөнкү даректердеги КТБлар 1-сентябрда кызмат көрсөтпөйт:
- №1 КТБ (Октябрь району) — 12-кичи район, Нуркамал Жетикашева көчөсү, 29;
- №2 КТБ (Свердлов/Аламүдүн райондору) — Ч. Валиханов көчөсү, 2;
- №3 КТБ (Ленин району) — Жаш Гвардия бульвары, 4;
- №4 КТБ (Биринчи май району) — Жибек жолу проспектиси, 381;
- Чет өлкөлүк жарандарды тейлөө бөлүмү жана Бакыт өргөсү — Жумабек көчөсү, 121/123;
- «Глобус — ТЭЦ» кичи-КТБсы — Чүй проспектиси, 41Б;
- «Азия» кичи-КТБсы — Д. Садырбаев көчөсү, 107.
Республиканын башка аймактарындагы Калкты тейлөө борборлору 1-сентябрда штаттык режимде иштей берет.
«Кызмат» мекемеси жарандарды бул өзгөртүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек, Калкты тейлөө борбору