Бишкек шаардык соту «75тин каты» ишинин фигуранттарына карата өкүмдү жеңилдетти

10.09.2026 | 16:22
Бишкекский горсуд смягчил приговор фигурантам дела «Письмо 75» — Новости Кыргызстана

Бишкек шаардык соту 10-сентябрда «75тин каты» иши боюнча апелляциялык чечим чыгарды. Сот бийликти басып алуу беренесин Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренесине — «шайлоо укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук кылууга» өзгөртүп, бардык соттолуучуларга 2 жылдан пробациялык көзөмөл дайындады. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Эске салсак, бул иш мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү чакырыгы менен чыккан бир топ саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин кайрылуусу — «75тин каты» менен байланыштуу. Кат жарыялангандан кийин өлкөдө кадрдык өзгөрүүлөр башталып — Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана УКМКнын төрагасы кызматтарынан бошотулган болчу.

Бул иш боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары жана УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев, саясатчылар Эмилбек Узакбаев жана Бекболот Талгарбеков, ошондой эле президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев айыпталуучу катары өтүүдө.

2-июлда Биринчи май райондук соту иштин бардык катышуучуларын бийликти басып алуу беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. 30-июлда Ташиев сот өкүмүнө даттанса, 3-августта Башкы прокуратура апелляциялык сунуштама келтирген.

Scroll to Top