Кыргызстандын айрым шаарларына томография борборлору ачылат

Кыргызстандын айрым шаарларына томография борборлору ачылат

Быйыл Өзгөн, Токтогул, Кадамжай, Балыкчы шаарларында,  Бишкек шаарындагы клиникалык тез жардам ооруканасында томография борборлору ишке берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдиль Байсалов «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына компьютердик томографиялык аппараттарды орнотуу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында биринчи компьютердик томография борборунун ачылыш аземинде билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары саламаттыкты сактоо уюмдарында компьютердик томографиянын аппараттарын орнотуу ар кандай ооруларды аныктоону жана дарылоону бир топ жакшыртып, жалпысынан медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

«Бул тез жана так диагнозго муктаждар үчүн өзгөчө маанилүү. Быйыл аталган долбоордун алкагында өлкөнүн аймактарында: Өзгөн, Токтогул, Кадамжай, Балыкчы шаарларында, ошондой эле Бишкек шаарындагы клиникалык тез жардам ооруканасында томография борборлору ишке киргизилет. Томография борборлорунун кызматтарынын баасы калктын бардык катмары үчүн жеткиликтүү болуп, жеке клиникаларга караганда алда канча арзан болорун белгилегим келет, ошол эле учурда бул объектилер 128 тилке (срез) сапатын камсыз кылат, ушул тапта бардык томографтар 64 тилке менен иштеп жатат», — деп белгиледи ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>