Кыргызстандын алдынкы балбандары Олимп оюндарынын лицензиялык турнирине катышат

Кыргызстандын алдынкы балбандары Олимп оюндарынын лицензиялык турнирине катышат

Улукбек Жолдошбеков Олимп оюндарынын лицензиялык турнирине катышуу үчүн салмагын азайтты

Кыргызстандык спорттук күрөш боюнча улуттук курама командасы Олимп оюндарынын “Азия” чөлкөмүндөгү лицензиялык турнирине катышат.

Жолдомо ойнотулуучу мелдеш Казакстандын Алмата шаарында 9-апрелден 12-апрелге чейин өтөт.

Апрелдин 9нан 11не чейин грек-рим күрөшү боюнча жолдомолор ойнотулат. Күрөштүн бул түрү боюнча 5 спортчу Олимп оюндарына баруу үчүн күч сынашат.

Алар:

  1. Шаршенбеков Жоламан, ЭКСЧ, 60 кг;
    2. Асикеев Марлен , СЧ, 67 кг;
    3. Махмудов Акжол, ЭКСЧ, 77 кг;
    4. Жузупбеков Узур, ЭКСЧ, 97 кг;
    5. Ким Роман, СЧ, 130 кг;
    6. Эркимбаев Азат, улук машыктыруучу;
    7. Карачолоков Улукбек, башкы машыктыруучу.

    Ал эми апрелдин 8нен 12сине чейин эркин күрөш боюнча жолдомо ойнотулуп, өлкө атынан 6 спортчу барат. Ал эми 61 килограмм салмакта чемпион атыккан Улукбек Жолдошбеков 57 салмакта резервдеги спортчу катары барат.

Спортчулардын тизмеги:

  1. Мырзаназар уулу Бекболот, СЧ, 57 кг;
    2. Акматалиев Эрназар, СЧ, 65 кг;
    3. Догдурбек уулу Эламан, СЧ,74 кг;
    4. Карыпбаев Нуртилек, СЧ, 86 кг;
    5. Сулайманов Сымбат, СЧ, 97 кг;
    6. Лазарев Айаал, ЭКСЧ,125 кг;
    7. Жолдошбеков Улукбек, ЭКСЧ, 57 кг, резерв
    8. Таабалды уулу Сүймөнкул, улук машыктыруучу;
    9. Маджинов Русланбек, башкы машыктыруучу.

 

Ошондой эле апрелдин 8нен 17сине чейин кыз-келиндер арасындагы лицензиялык турнирде кыргызстандык 3 балбан кыз килем үстүнө чыгат.

Алар:
1. Медет к Айпери, ЭКСЧ,76кг;
2. Жуманазарова Мээрим, ЭКСЧ,68кг;
3. Марсбек к Назира, СЧ,57 кг;
4. Кенжебаев Байгазы, улук машыктыруучу;
5. Изабеков Нурбек, башкы машыктыруучу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>