Бишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүн
Кыргызстандын экономикасы 2025-жылы 11,1 пайызга өстү
14.09.2026 | 11:24

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсынын реалдуу өсүшү 11,1 пайызды түзүп, болжолдонгон көрсөткүчтөн 2,6 пайыздык пунктка жогору болду. Мындай маалыматты финансы министринин орун басары Умутжан Аманбаев Жогорку Кеңеште мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча отчет берип жатып билдирди.
ИДПнын номиналдык көлөмү 1 трлн 976,4 млрд сомго жетти. Болжол менен 1 трлн 779,7 млрд сом болот деп күтүлгөн.
Ошол эле учурда 2025-жылдын декабрынын жыйынтыгы боюнча инфляция 5,5 пайыздык болжолго карата 9,4 пайызды түздү.
Теги: Жогорку Кенеш