Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Бишкекте Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн аймагында газ үч күнгө өчүрүлөт
14.09.2026 | 11:37

«Бишкекгаз» газ кызматы 14-сентябрдан 16-сентябрга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотуларын билдирди. Чектөөлөр төмөнкү басымдагы газ куурларын кайра туташтыруу иштерине байланыштуу киргизилүүдө.
Көгүлтүр отун берүү Элебесов, Щербаков, Дзержинский көчөлөрү жана Чоң Чүй каналы (ЧЧК) менен чектешкен аймакта токтотулат.
Аталган аймактагы абоненттерден техникалык иштер жүрүп жаткан мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонуу суралат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: газ