Кыргызстандын футбол курамасы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында Катар курамасын жеңди.
Бишкекте 25-мартта өткөн беттеште «ак шумкарлар» 3:1 эсебинде жеңишке жетти.
Белгилей кетсек, Кыргызстан уткан Катар курамасы 2019 жана 2023-жылдагы Азия кубогунун жеңүүчүлөрү (Азия чемпиондору) болуп саналат.
Бул жеңиши менен «ак шумкарлар» дагы 3 упайга ээ болду. Жалпы 6 упай алган курама өз тайпасында бешинчи орунда турат. Бул тандоо оюндарында Кыргызстан 8 беттеш өткөрүп, анын экөөндө жеңүүчү болду.
Үчүнчү баскычтын жыйынтыгы менен тайпасында 1-2-орунду ээлеген командалар 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо алат. 3-4-орунду ээлегендер тандоо оюндарынын төртүнчү баскычына өтөт. Соңку эки орундагы курама жарыштан четтейт.
Азырынча Кыргызстанда тандоо оюндарынын төртүнчү баскычына чыгып, дүйнө чемпионатынын жолдомосу үчүн ат салышууга аздыр-көптүр мүмкүнчүлүгү калууда.