КР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыКатуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырды
«Кыргызалтын» ишканасынын алты айлык таза кирешеси 33 млрд сомду түздү
24.08.2026 | 15:54

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча «Кыргызалтын» ААКынын таза кирешеси 33 млрд сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымакта ылайык, ишкананын 2025-жылдагы жалпы таза кирешеси 18,7 млрд сомду түзгөн. Ошентип, 2026-жылдын алгачкы алты айындагы киреше өткөн жылдын 12 айлык көрсөткүчүнөн 14,3 млрд сомго ашты.
«Кыргызалтын» финансылык натыйжалардын өсүшү ишкананын өндүрүштүк кубаттуулуктарын кеңейтүүгө жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөрүн билдирди. Ошондой эле ишкана кен орундарын өздөштүрүү жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү багытында иш алып барып жатканы айтылды.
"Алдыдагы үч жылда компания жалпы наркы 1 млрд АКШ долларынан ашкан стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат. Алардын катарында Үңкүр-Таш, Тоголок, Чакуш, Талды-Булак жана Андаш кен орундарын өздөштүрүү долбоорлору бар",- деп билдирди ишкана.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Кыргызалтын