Өлкөнүн ички карызы дагы өстү

Өлкөнүн ички карызы дагы өстү

Бүгүн, 13-декабрга карата Кыргызстандын мамлекеттик казына облигациялары жана векселдери боюнча ички карызы 86 миллиард 477 миллион 806,8 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, 9-декабрга карата ички карыз 85 миллиард 610 миллион 206,8 миң сомго бааланган. Ошентип, аталган убакыттын ичинде мамлекеттик карыз 867,6 миллион сомго көбөйгөн.

Өлкөнүн ички карызынын өсүшү Каржы министрлигинин 2 жылдык облигациялар аркылуу карыз алуусу менен байланыштуу. Жайгаштыруу 9-декабрда жана 12-декабрда болгон. Ага ылайык, 9-декабрда 750 миллиондук облигациялар жайгаштырылып, 12-декабрда жылдык 14,99% менен кошумча аукциондо 120 миллион сом тартылган.

Ошол эле учурда министрлик 12-декабрда мамлекеттин 12 айлык векселдер линиясы боюнча 2,4 миллион сомдук милдеттенмелерин кайтарып берди. Баалуу кагаздар 2021-жылдын 12-декабрында 8,5% кирешелүүлүк менен жайгаштырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>