Жапырт камоолор: Кубанычбек Кадыров камакта калтырылды

Жапырт камоолор: Кубанычбек Кадыров камакта калтырылды

«Массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров камакта калтырылды.

Бүгүн, 13-декабрда Биринчи май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, сот Кадыровду 20-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Жапырт камоолор: Жети адамдын бөгөт чарасы узартылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>