Кыргызстандын ИДПсы жети айда 11,1%га өстү

2026-жылдын январь–июль айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 триллион 172,7 миллиард сомго жетип, реалдуу өсүү темпи 11,1%ды түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө курулуш тармагы 60,6%, кызмат көрсөтүү чөйрөсү 6,1%, айыл чарбасы 6%га жана өнөр жай сектору 11,2%га өскөн. Өнөр жай тармагында химиялык продукция өндүрүү 2,9 эсеге, ал эми тазартылган мунайзаттарды чыгаруу 1,8 эсеге өскөн. Ошондой эле транспорт каражаттарын, курулуш материалдарын жана фармацевтикалык продукцияларды өндүрүүдө жогорулоо байкалган.
Негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 238,3 млрд сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 58,8%га өскөн. Инвестициялардын мындай өсүшү ички булактардын 1,4 эсеге, ал эми сырткы ресурстардын 3,1 эсеге көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалган.
Кеңешмеде чакан жана орто ишкердик (ЧОИ) секторунун көрсөткүчтөрү да белгиленген. 2025-жылы ЧОИ субъекттери тарабынан өндүрүлгөн жалпы кошумча нарктын көлөмү 54,5%га өсүп, 1 триллион 15 млрд сомду түзгөн. Бул сектордун ИДПдагы үлүшү 41,5%дан 51,4%га чейин жогорулады. Учурда өлкөдө 27,3 миң чакан жана орто ишкана иштеп жатат, аларда жалпы 643,8 миң адам иш менен камсыз болгон.
Министрлер кабинетинин башчысы экономикалык динамиканы позитивдүү деп баалап, ишкерлерди колдоо боюнча мамлекеттик программалар улантыларын билдирди.