Эсептөө палатасынын аудити Финансы министрлигинин тутумунан 110 млн сомдук мыйзам бузууларды аныктады — толук маалымат

Кыргызстандын Эсептөө палатасы Финансы министрлигинин тутумунда 2025-жылга карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында жалпы суммасы 110 миллион 181,6 миң сомду түзгөн каржылык мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди аныктады. Бул тууралуу Reporter.kg сайтына өлкөнүн башкы аудитордук мекемесинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аудит 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки аралыкты камтып, Финансы министрлигинин борбордук аппаратында, түзүмдүк жана ведомствого караштуу бөлүмдөрүндө, ошондой эле кызматтарында жана мекемелеринде жүргүзүлгөн.
Өндүрүлүүгө тийиш болгон 26 миллион 797,6 миң сомдун ичинен аудиттин жүрүшүндө жана тийиштүү чаралар көрүлгөндөн кийин бюджетке 10 миллион 115,9 миң сом кайтарылган.

Эң ири мыйзам бузуулар — 80 миллион 835,2 миң сом — милдеттенмелерди кабыл алууда жана ырастоодо, ошондой эле чектен ашкан чыгымдарды жүргүзүүдө аныкталган. Бул мыйзам бузуулар боюнча өндүрүлүүгө тийиш болгон 5 миллион 110,4 миң сомдун 90,8 миң сому кайтарылган.
Мындан тышкары, аудит тиешелүү бюджетке каражаттарды которууда 9 миллион 712,1 миң сомдук мыйзам бузууларды жана башкы тескөөчүлөр тарабынан белгиленген нормалардан ашыкча 1 миллион 96,3 миң сомдук каражаттын негизсиз бөлүштүрүлүшүн аныктады.

Башка булактардын эсебинен каржыланууга тийиш болгон чыгымдарга бюджеттик каражаттарды пайдалануу 485,3 миң сомду түзгөн. Бул сумманын 80 миң сому өндүрүлүүгө тийиш.
Капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин жүргүзүүгө бөлүнгөн каражаттарды пайдалануудагы мыйзам бузуулар 2 миллион 103,3 миң сомду түзгөн. Анын 317,2 миң сому өндүрүлдү.

Ссудалык жана насыялык каражаттарды берүүдө жана пайдаланууда 2 миллион 826,8 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталган. Бул сумма бюджетке толугу менен кайтарылган.
Бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу 11 миллион 574,6 миң сомду түзгөн. Өндүрүлүүгө тийиш болгон 6 миллион 965 миң сомдун 6 миллион 881,1 миң сому кайтарылды.
Дагы 1 миллион 548 миң сомдук мыйзам бузуулар мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө жана башка багыттарда катталган.

Аудиттин жыйынтыгы менен Эсептөө палатасы Финансы министрлигинин борбордук аппаратына, түзүмдүк жана ведомствого караштуу бөлүмдөрүнө жана мекемелерине жазма буйруктарды жана сунуштамаларды жөнөттү. Аларда аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү, калган карызды бюджетке өндүрүү жана каржылык тартипти бекемдөө каралган.
Анара Мамытова