Министрлик: Көл-Суу көлүнүн жээги таштандылардан тазаландыЖОЖдорго жана коллеждерге абитуриенттерди кабыл алуунун 6-туру башталдыИнформатика боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучулар тарыхый жыйынтыкка жетишишти17-август: Кыргызстанда абанын температурасы +37°Cге чейин жетет, айрым аймактарда өткүн өтөтАлександр Смирнов: Курумдуда сөөктөр табылды — булар дайынсыз жоголгон альпинисттер болушу ыктымалОрусиялык стример Leva2k түз эфирде Кыргызстандагы Ленин чокусун багындырды
Кыргызстандын кайсы облусунда жумушсуздар көп?
23.06.2022 | 13:14
Кыргызстанда 2022-жылдын биринчи кварталында жумушсуздуктун саны экономикалык активдүү калктын 2,9 пайызын түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматында айтылат.
Маалыматка караганда, расмий жумушсуздуктун жогорку деңгээли Баткен облусунда катталып, жалпы 5,5 пайызды түзгөн. Ал эми Жалал-Абад облусунда жумушсуздук 5 пайыз болсо, жумушсуздуктун төмөн деңгээли Бишкек шаарында катталып, ал 1,3 пайызды түзгөн. Чүй облусунда жумушсуздуктун саны 1,5 пайыз болгон.
Ал эми 2021-жылы жумузсуздук сатусуна расмий ээ болгон жарандардын саны 0,9 пайызга кыскарып, жалпы 76 миң адамды түзгөн. Быйыл каттоого алынган жумушсуздардын саны 0,6%га өсүп, жалпы 99,3 миң адамды түздү.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом