Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Швейцария Нарын шаарын өнүктүрүүгө 6 млн доллар бөлөт
23.06.2022 | 13:44
Швейцария «Нарын шаарынын туруктуулугу» долбооруна 6 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Швейцария элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда¸каражат Нарын шаарынын калкына жардам берүүгө, инфраструктурасын жана экономикасын өнүктүрүүгө жумшалат. Муну менен Нарынды климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсык коркунучтарына туруктуураак кылууну пландаштырууда.
Бул беш жылдык долбоорду Нарын муниципалитети жана “Ага Хан” өнүктүрүү тармагы ишке ашырышат.
Буга чейин Швейцария элчилиги Бишкектеги жаңы конуштардын жашоочулары үчүн 10 жылдык долбоорго 9 млн доллар бөлөрүн билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика