Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы бересе) 31-майга карата 6 млрд 347,58 млн долларды (556 млрд 683,11 млрд сом) түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин документтеринде айтылат.
Анын ичинен ички карыз 1 млрд 806,74 млн долларды (158 млрд 451,18 сом), тышкы карыз 4 млрд 540,84 млн долларды (398 млрд 231,93 млн сомду) түзгөн.
Тышкы бересенин чоң бөлүгү — 1 млрд 661,2 доллар — Кытайдын Экспорт-импорт банкынан алынган карыз.
Ал эми ички бересе баалуу кагаздарды сатуунун негизинде түзүлгөн карыз — 1 млрд 790,06 млн доллар.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 31-декабрына карата Кыргызтандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280,54 млн доллар болгон. Ошентип 5 айда карыз 67 млн долларга өскөн.