Ош — Кара-Суу унаа жолу төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдө

26.10.2026 | 14:30
Ош — Кара-Суу унаа жолу төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдө — Новости Кыргызстана

Ош облусунда узундугу 18,6 чакырымдан ашкан Ош — Кара-Суу автожолун реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Долбоорго ылайык, жол төрт тилкелүү болуп жасалып, туурасы 22 метрге чейин кеңейтилет. Трассага жалпы калыңдыгы 15 сантиметрди түзгөн эки катмар асфальт төшөлөт. Жолдун эки тарабына туурасы 3 метрден болгон жөө адамдар жүрүүчү тротуарлар жана веложолдор салынат.

Учурда долбоордо каралган төрт көпүрөнүн үчөө курулуп бүттү, биринде иштер жүрүп жатканы айтылды. Жолдун курулушуна 120 атайын техника жана 150 жумушчу тартылган.

Министрлик жолду реконструкциялоо эл аралык каттамдагы оор жүк ташуучу жана башка унаалардын коопсуз жүрүшүн камсыз кылууга багытталганын билдирди.

Scroll to Top