КРда 200 миң сомго чейин келишимсиз жана ЖИ аркылуу сатып алууга уруксат берилиши мүмкүн

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ошондой эле мамлекеттин үлүшү 50 пайыздан кем эмес компаниялардын сатып алуу эрежелерин кайра карап чыгуу пландалууда. Келишим түзбөстөн сатып алуулардын лимитин көбөйтүү, жеткирүүчүлөрдү тандоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жасалма интеллектти (ЖИ) колдонууга уруксат берүү сунушталууда.
Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик иштеп чыкты. Документ сатып алуулардын жаңы типтүү тартибин бекитүүнү карайт.
Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, учурдагы эрежелер бир нече жолу өзгөртүлүп жана толукталган. Натыйжада документти түшүнүү жана колдонуу татаалдашып кеткен: анын түзүмү бузулуп, карама-каршылыктар жана пункттардын номерленишинде так эместиктер пайда болгон.
Иштеп чыгуучулардын пикиринде, айрым түзөтүүлөрдү киргизүү топтолгон көйгөйлөрдү чечпейт. Ошондуктан документти толугу менен жаңыртуу, сатып алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана ишканаларга жеткирүүчүлөрдү тандоодо көбүрөөк өз алдынчалык берүү сунушталууда.
Эмнелерди өзгөртүү сунушталууда?
Негизги өзгөртүүлөрдүн бири келишим түзбөстөн ишке ашырыла турган чакан сатып алууларга тиешелүү. Сатып алуулар планынын ар бир беренеси боюнча төмөнкү жылдык чектерди (лимиттерди) белгилөө сунушталууда:
• мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар үчүн — 200 миң сомдон аз;
• мамлекеттин катышуусу 50 пайыздан кем эмес компаниялар үчүн (алардын туунду коомдорун кошкондо) — 1 миллион сомдон аз.
Мындай сатып алууларды түздөн-түз дүкөндөрдөн, базарлардан жана башка соода түйүндөрүнөн жүргүзүүгө болот.
Бул учурда сатып алуу чек, коштомо кагаз (накладная), квитанция же башка төлөм документи менен тастыкталышы керек. Сынактык (конкурстук) жол-жоболорду кыйгап өтүү үчүн ири сатып алууларды жасалма түрдө майдалоого тыюу салынат.
Жеткирүүчүлөрдү баасы боюнча гана тандабайт
Долбоор эң арзан сунушту гана тандоодон эң ыңгайлуу жана пайдалуу шарттарды баалоого өтүүнү карайт.
Жеңүүчүнү аныктоодо товардын сапатын, жеткирүү мөөнөтүн, ишенимдүүлүгүн, чыдамкайлыгын жана башка көрсөткүчтөрдү эске алуу сунушталууда. Баалоо критерийлери конкурс өткөрүлгөнгө чейин катышуучуларга белгилүү болушу керек.
Ошондой эле ишканалар бир же бир нече жеткирүүчү менен беш жылга чейинки мөөнөткө алкактык макулдашууларды түзө алышат. Мындай механизм товарлар же кызматтар үзгүлтүксүз талап кылынган, бирок сатып алуулардын так көлөмүн алдын ала аныктоо мүмкүн болбогон учурлар үчүн каралган.
Жасалма интеллект жана сатып алуунун жаңы ыкмалары
Долбоор рынокту талдоо жана документтерди алдын ала текшерүү үчүн жасалма интеллектти колдонууга жол берет.
Бирок жасалма интеллект сынакта жеңүүчүлөрдү өз алдынча аныктай албайт же өтүнмөлөрдү четтетүү боюнча чечим кабыл албайт. Бул ыйгарым укуктар конкурстук комиссияда же ишкананын ыйгарым укуктуу кызматкеринде калат.
Мындан тышкары, буюртмачыларга өз ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен сатып алуулардын кошумча ыкмаларын өз алдынча аныктоого уруксат берүү сунушталууда.
Түздөн-түз сатып алуулар жана көзөмөл
Документ айрым учурларда түздөн-түз келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Атап айтканда, бул бир гана жеткирүүчүдөн товар сатып алууга, авариялык-калыбына келтирүүчү шашылыш иштерге, ишканалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган сатып алууларга жана башка айрым жагдайларга тиешелүү.
Эгерде альтернативдүү жеткирүүчү жок болсо, бааларга өзүнчө мониторинг жүргүзүү жана коммерциялык сунуштарды чогултуу милдеттүү болбойт. Мында буюртмачы түздөн-түз сатып алуунун негизин көрсөтүп, жеткирүүчүнү тандоону негиздеп бериши керек.
Ачыктыкты камсыз кылуу үчүн ишканалар ар бир квартал сайын сатып алуулар тууралуу маалыматтарды, анын ичинде түз келишимдерди жана чакан сатып алууларды жарыялап турушу шарт. Отчеттордо жеткирүүчүнү, сатып алуунун суммасын жана предметин көрсөтүү зарыл.
Ошондой эле жеткирүүчүлөрдүн буюртмачылардын чечимдерине жана аракеттерине карата даттанууларын кароо механизми каралууда.
Иштеп чыгуучулардын баамында, эрежелерди жаңыртуу сатып алууларды тездетүүгө, ашыкча жол-жоболорду кыскартууга жана ишканалардын каражаттарды чыгымдоо боюнча жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Анара Мамытова