КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Күрөш: Депутат Икрамов дүйнө чемпионатында күмүш утту (видео)
22.10.2023 | 14:57
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов (49 жашта) күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байге тагынды.
Грекиянын Лутраки шаарында 17-октябрда башталган мелдеш бүгүн, 22-октябрда жыйынтыкталат.
Икрамов грек-рим күрөшү боюнча 46-50 жаштагы балбандар арасында 78 кг салмакта таймашка чыккан.
Ал беттешти квалификациялык айлампадан баштап, биринчи кармашында ирандык балбан Хамид Фархадини 9:0 эсебинде уткан. Андан кийин чейрек финалда казакстандык Махмуд Орманды 13:2 эсебинде жеңген.
Чейрек финалда Икрамов польшалык Якуб Ковалчикти 7:0 эсебинде уткан.
Ал эми алтын үчүн беттеште Тазабек Икрамов швециялык Жимми Самуелсонго 12:3 эсебинде жеңилип калган. Жыйынтыгында ал күмүш байгенин ээси болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз